15:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талас облусунда чет элдик миссионердик ишмердүүлүгү токтотулду

Талас облусунда чет элдик миссионердик ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, аймакта чет элдик миссионерлер мыйзамсыз иш жүргүзгөн.

«Словакиянын С.Д. жана Э.Э. аттуу жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарынын арасында Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөшкөн», — дейт ал.

Аларга эскертүү берилип, айып пул салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар