14:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

2017-жыл бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытка жумшалган

«Өкмөттүн калк алдындагы башкы милдети алардын жашоо турмушун жакшыртуу болуп саналат. Өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 миллиард сом көлөмүндө киреше алынды». Мындай пикирин премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясында өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчёт берип жатып билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду түздү.

«Тышкы соода жүгүртүү 12,5 пайызга өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27 пайызга, башка өлкөлөргө 8,6 пайызга көбөйдү», — деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтигде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган.

«Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды. Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,7 млрд сом көлөмүндө 2440 жеӊилдетилген насыя берилди», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар