01:55
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Тарых музейин калыбына келтирүү боюнча соттук отурум башталды

Биринчи Май райондук сотунда Чолпон-Атадагы ат майданды жана Улуттук тарых музейин калыбына келтирүү боюнча соттук отурум башталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Нурбек Токтакунов судья Айбек Эрнис уулу чыгарган токтомго карата даттанган болчу. Токтомдо иштин материалынан бир канча далилдерди алып салуу айтылат. Бирок, сот аны канааттандырган жок. 

«Кеп Соода-өндүрүштүк палатасынын экспертизасынын актысы тууралуу болуп жатат. Кайсыл бир эксперт бир канча соода жайларынын реализаторлорунан Тарых музейине колдонулган товарга окшош товарлардын баасын оозеки түрдө сураптыр. Соода-өндүрүштүк палатасы тууралуу мыйзамда жана уставда палата товарлардын сапаты, саны жана бүтүндүгү боюнча гана экспертиза жүргүзө алат деп жазылат. Базар баасынын деңгээлин аныктоо алардын компетенциясына кирбейт. Мындан сырткары экспертиза тергөөчү тапшырма бергенге чейин жарым жыл мурда жасалган», -деди жактоочу.

Айтымында, бул орой катачылык. Мындан улам ал соттун чечимине доо арыз берген.

Эске салсак, Улуттук тарых музейин оңдоо боюнча Сапар Исаков, Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар