11:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери өрт кырсыгынан 28 адам каза болгон

2018-жылдын 3 айында республикада 878 өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп, деп маалымдайт ӨКМнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен 28 адам каза болгон, алардын бири бала.

Өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби электр коопсуздугун сактабагандык болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар