07:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Оор кылмыш боюнча шектүү жаран кармалды

Оор кылмыш боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда баш тарабында жаракаттар байкалып, калган денесинде эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан анын өздүгү такталып, ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу экендиги маалым болгон. Өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы жарандын баш сөөгүнө сокку болуп, баш мээси чайкалгандыгы аныкталып, экспертизанын корутундусунун негизинде Жайыл районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан 104-берененин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектүү делип, 30 жаштагы К.Ф. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, Жайыл районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар