13:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Болсунбек Казаковго карата кошумча кылмыш иши козголду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасы

карата Биринчи май райондук соту тарабынан № 1- тергөө абагына бир айга абакка камоо чарасы көрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кошумча кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, Болсунбек Казаков апта башында Максим Бакиевге таандык делген коттедждери сатуу боюнча кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренесинин (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун мурдагы төрагасынын орун басары Б. Мураталиев кармалды. Кылмыш -жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

12-апрель күнү ММБФнын мурдагы орун басары убактылуу кармоочу жайга камалган.
Азыркы учурда Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар