21:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өмүрбек Текебаев абакта дарыланат

Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев № 47-абактын ооруканасында дарыланат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саясатчынын ден-соолугуна байланыштуу дарыгерлер жыйынга чогулуп, ал дарыланууга муктаж деген бүтүм чыгарышкан.

«Биз Текебаевди текшерген дарыгерлерден медициналык корутунду алдык. Андан тышкары кошумча дагы текшерүүдөн өткөрүүгө аракет кылабыз», — деди ЖАМКнын өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, кечээ Өүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөн. Буга чейин анын адвокаттары саясатчы дарыланууга муктаж экенин айтып келишкен. Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси боюнча 2017-жылдын 16-августунда 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар