Эртең, 11-апрелде Кыргызстандын бардык аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7...12° жылуулуктан 10...15° жылуулукка чейин жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10...15° жылуулуктан 14...19° жылуулукка чейин, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 7...12°, тоолуу райондордо 5...10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0...-5° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
11-12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2° үшүк жүрөт.