20:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстан менен Түркия жылдык товар жүгүртүүсүн 1 млрд долларга жеткирүүгө даяр

Кыргызстан менен Түркия жылдык товар жүгүртүүсүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон эки күндүк расмий иш сапарынын алгачкы күнү президент Реджеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңири форматта сүйлөшүү учурунда белгилүү болду.

Кыргызстандын президентин жылуу тосуп алып, Реджеп Тайип Эрдоган Түркия Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн ар дайым колдоп келгендигин белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери мындан ары дагы чыңдалаарына ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков менен Реджеп Тайип Эрдоган энергетика, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн аспектилерин, ошондой эле инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк Кеңешинин көмөгү менен биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Астанада Түрк академиясы жана Бакуда түрк маданияты жана мурасы Фонду түзүү сыяктуу көптөгөн демилгелер ишке ашырылганын белгиледи.

«Соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу чөйрөлөрүндө көптөгөн жалпы пландарыбыз бар. Ушуга байланыштуу Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин кезектеги Саммитин быйыл Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуш кылабыз», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар