Түркияда иштеген кыргызстандыктарга пенсия чегерилет. Бул боюнча документке Анкарада кол коюлду.
Ага ылайык Түркияда иштеген кыргызстандыктарга пенсия төлөнөт.
Эскерте кетсек, кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун Туркияга расмий иш сапары башталды. Ал Реджеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Түркияда 30 миңдей кыргыз жараны эмгектенет. Алардын көпчүлүгү курорттук шаарларда иштешет.
Сооронбай Жээнбеков Анкарадагы Ата-түрк мавзолейине гүл койду.