13:42
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Суусамыр-Талас-Тараз жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Суусамыр-Талас-Тараз жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-апрелде, болжол менен саат 05:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 110-чакырымында катталган. «Howo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен.

Куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган 1991-жылы туулган Э.Ж.И. аттуу айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар