Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттыкты сактоого байланыштуу кеңири жыйын өткөрдү.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында Бишкек шаарындагы ресторандардын бириндеги тамакка уулануу окуясы каралып, көрүлгөн иш-чаралар талкууланды.
Мындан ары мындай окуянын кайталанбашы үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызмат жетекчилерине санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
«Ала-Тоо» ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.
Жапырт ууланууга байланыштуу «Ала-Тоо» ресторанына ээлик кылган «Датес» жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.