Кыргызстандын жаш гимнасттары Венгрияда өткөн эл аралык мелдеште 10 медаль утуп алышты.
Tavaszi Kupa-2018 мелдеши Будапешт шаарынла 30-31-мартта өттү. Кыргызстандын атынан 8 жаш спортчу кыздар катышып, 10 медалга ээ болушту.
Карина Сапаева (2008-жылкы), Еввея Дранникова (2010-жылкы) жана Каныкей Курманова (2005-жылкы) эки алтын медаль алышты. Полина Казакова(2005-жылкы)эки күмүш, Маргарита Русских (2010-жылкы) колого ээ болду.