Ноокат районунун Зулпиев айыл аймагында жол кырсыгынан 10 жашар бала каза болду. Бул тууралуу райондук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 31-мартта катталган. Айдоочу унаасы менен 10 жашар баланы койдуруп кеткен. Сокку катуу болгондуктан бала кырсык катталган жерден жан берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.