20:30
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Өзбекстанда балдарды сабаган тарбиячы жумуштан бошотулду

Өткөн аптада социалдык түйүндөрдө балдарды папка менен башка чапкан тарбиячынын видеосу тараган. Кийинчерээк окуя өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Жизак облусундагы, анын ичинде № 39 «Навруз» бала бакчасындагы сапары алдында болгону аныкталды.

Балдарды папка менен сабап жаткан тарбиячыны билим берүү мекемесинде тажрыйба топтоп жүргөн биринчи курстун студенти видеого тартып алган.

Тасма социалык түйүндөрдө тарагандан кийин Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги ыкчам топ түзүп, окуяны иликтеген. Видео 27-мартта Жизак шаарындагы № 39 «Навруз» бала бакчасында болгону аныкталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары балдарды сабаган тарбиячы 37 жаштагы Мохира Маматкулова экенин кабарлашты. Жогорку билимдүү педагог аталган бала бакчада 2007-жылдан бери иштеп жаткан.
Маматкулованын иши боюнча документтер Жизак прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Тартиячы жумуштан бошотулду. Бул окуядан кийин «Навруз» бала бакчасында дагы үч кызматкер иштен айдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар