04:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте ийнине ок жеген баланын абалы канааттандырарлык

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. Башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун билдиргени боюнча, 30-мартта Бишкектеги № 38 орто мектептин 8-классынын окуучусу кокусунан классташын атып алган.

«Ыкчам-тергөө тобунун маалыматына ылайык, окуучу мектепке байкесине таандык куралды алып келген. Аны классташына көрсөтүп жаткан кезде тапанча атылып кетип, классташынын оң ийнине тийген. Бала 3-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө тарабынан баланын колуна тапанча кантип тийип калганын аныктоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө», — деди Оморов.

Окуучу балдардын мектепте курал алып жүрүшүнө байланышкан окуялар мурда катталган эмес.

№ 38 орто мектептин окуучулары жанаша жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары менен жаңжалдашкан учурлар катталып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар