19:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев саясатка кайтып келгендигин жарыялады

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан-социал демократтар партиясынын төрагасы болуп дайындалды. Саясый уюмдун курултайын өткөн ишемби күнү өттү.

Алмазбек Атамбаев партияны 2020-жылы Жогорку Кеңешке өтө турган жыйынга даярдарын билдирди. Ошол эле учурда парламентке мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

«Бизге эрте шайлоонун зарылдыгы жок. Бирок, Кыргызстанда баары мүмкүн» — деди партия лидери.

Ал КСДП Кытайдан 1 миллион доллар акча алгандыгын жокко чыгарды.

«Мен Кытайдан акча сурасам, аны бир гана мамлекет үчүн сурап келгенмин» — деди Алмазбек Атамбаев.

Мурдакы мамлекет башчысынын айтымында, ал азырынча мамлекеттик резиденциядагы жаңы курулган үйүндө жашап жатат.

«Менин жубайым Ош шаарынан болот. Ал шаарда жашагысы келет. Негизи Кой-Таштагы үйүм бүтсө, ошол жакта эле жашайын дегенмин. Мамлекеттик резиденциядагы үй менин мамлекетке белегим» — деди ал.

Эскерте кетсек, мамлекеттик резиденциянын аймагына Алмазбек Атамбаев үчүн үй салынгандыгы белгилүү болду. Ага кеткен акчанын бир топ бөлүгүн мурдакы президент өз чөнтөгүнөн чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар