12:15
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев бүгүн дагы суракка барбайт. Ал күч органдарын күтөт

Алмазбек Атамбаевге кечээ дагы суракка чакыруу тапшырылды. Ал бүгүн саат 10.00 ИИМге барышы керек.

Бирок Алмазбек Атамбаев суракка барбайт. Ал аны кармоо үчүн күч колдонорун да четке какпайт.

«Бул акыркы чакыруу эмес, дагы болот. Күч колдонуу аракети да көрүлсө керек. Мен бул боюнча оюмду да билдиргим келбейт. Мыйзамсыздыкка жок дегенде бир адам каршы турушу керек», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар