05:12
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

КСДПнын съезди. Карамат Орозова менен Анвар Артыков съездге катышууну чечти

КСДПнын 2 депутаты, Карамат Орозова менен Анвар Артыков Алмазбек Атамбаев башында турган 6-апрелде өтчү съездге келүүнү чечишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиянын катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев билдирди.

Анын айтымында, XVIII съездге катышууну Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын дагы 2 депутаты, Сейитбек Абдырахманов менен Эрнис Докенов билдиришкен.

Таалай Усубалиев иш-чарага баардык аймактардан 180 делегат келе тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин КСДП расмий түрдө поопзицияга кете тургандыгын жарыялаган. Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын съездин чакыртып алууну билдирген, бирок КСДПнын саясий кеңеши бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.

Эң көп окулган жаңылыктар