13:25
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Кыргызстанда таштандыны 127 кызматкер гана чогултат

Өлкө аймагындагы таштандыларга каршы күрөшкө 127 экологиялык адис тартылса, анын ичинде 15 адис Бишкек шаарында иш жүргүзөт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык инспекциянын өкүлү КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда билдирди.

Ошондон улам, депутат Дастан Бекешев жергиликтүү бийлик органдарына шаарды таштанды менен булгагандарды жоопкерчиликке тартып, айып салуу ыйгарым укугу берилсе, азыркы абал кайсы жагына өзгөрө турганына кызыкты.

«Менимче, кайрадан экологиялык полиция түзүү зарыл», — деп кошумчалады ал.

Инспекциянын өкүлү ушу тапта ордо калаанын баардык райондорунда административдик комиссиялар иштеп жатканын, алар таштанды менен булгаган жарандардын ишин карай турганын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы миӊден ашуун мындай иш каралган.

Андан сырткары, депутат Өкмөттүн евро-5 классындагы күйүүчү майга өтүү боюнча көз карашына кызыкты. «Азыр айрым аткаминерлер евро-5 классындагы күйүүчү майга өтпөй койо туруу жөнүндө кайрылып жатат. Деги, Өкмөттүн өз пикири кандай?», — деген собол салды.

Эң көп окулган жаңылыктар