01:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сапар Исаков кыргыз эл артисттеринин үйүндө конокто болду

Премьер-министр Сапар Исаков 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Кыргыз эл артисттери Замирбек Сооронбаев жана Дүйшөнбек Байдөбөтовдон кабар алды.

Өкмөт башчы атактуу артисттерге атамекендик искусствого болгон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз бардык искусство ишмерлерине ушул майданда эмгектенип жүргөндөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин өз кесибиңерди алда канча сүйүп, жан дилиңерди берип жана ушул ишиңерге кызылдай мээнетиңерди салып жатканыңарды билебиз. Өкмөт биздин тарых жана каада-салтка негизделген маданияттын жаңы, заманбап мейкиндиги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан шарттарды түзгөнгө аракеттенет», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жаатында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи.

Буга байланыштуу өкмөт өз тарабынан маданият жаатына ар тараптан колдоо жана жардам көрсөтөт.

Өз кезегинде эл артисттер кесиптик майрамынын урматына көңүл буруп келгени үчүн премьер-министрге ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков эл артисттерге бекем ден соолук калап, материалдык жардам берди.

Эң көп окулган жаңылыктар