18:56
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

Суроо-жооп. Жолдошум даватка кетип, эки жылдан бери дайынсыз

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жолдошум эки жыл мурда даватка кетип жоголду. Азыр мүлктү өзүмө каттай албай жатам. Эмне кылсам болот?

Жооп: Мында жолдошуңузду дайынсыз жоголду деп тануу керек. Аны сот аркылуу ишке ашырууга болот. Андан кийин гана мүлккө укугуңузду көрсөтө аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар