19:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айдоочу 2 мектеп окуучусун койдуруп кетип, анын бири каза болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылынан айдоочу эки мектеп окуучусун унаасы менен койдуруп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Камал Тагаев атындагы № 22-орто мектептин Максатбек кызы А. жана Жумабекова Л. аттуу окуучулары сабактан тарап, үйүн карай келе жаткан жерден кырсыкка кабылган.

Алган жаратынан улам 2005-жылы туулган А. Максатбек кызы жан берген. Ал эми 2004-жылы туулган Л.Жумабекова, Базар-Коргон аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

1996-жылы туулган Ырысбек уулу Т. аттуу айдоочу унаасын башкара албай калганын айтат. Ал жол жээгинде кетип бара жаткан кыздарды сүзүп, андан соң бакка барып урунган. Кырсык катталган соң айдоочу кыздарды өтүп бара жаткан унаага салып, ооруканага алып барган. Алардын бири ооруканага жетпей каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар