03:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жумагулов: Тарыхый мурастар мыйзамсыз казуучулар тарабынан таланып жок кылынууда

Тарыхый мурастар мыйзамсыз казуучулар тарабынан таланып жок кылынууда. Бул тууралуу маданият министри Султанбек Жумагулов тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди.

Министр Кыргызстандын аймагында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Сулайман-Тоо», «Ак-Бешим», «Бурана» сындуу тарыхый жайлар мыйзамсыз казган шылуундар тарабынан таланып-тонолуп жок кылынып жатканын маалымдады.

Султан Жумагуловдун айтымында, каржылык тартыштыктардан улам, 2015-2020-жылдар аралыгында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аксап турат. Бул багытта жылына жок дегенде 25 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнүп турушу зарыл.

«Өлкө аймагындагы музейлердин он экиси гана атайын ылайыкташтырылган имараттарда турат, калган музейлердин баары шарты жок жайларда жайгашкан. Мындай абал музей экспонаттарынын сакталуусуна өз кесепетин тийгизбей койбойт», — дейт министр.

Андан тышкары, Кыргызстандын музейлеринде 700 кызматкер иштеп жатканы, алардын арасында жаш адистер жок экени, аймактардагы кызматкерлердин маянасы 3 миӊ сомду, борбордук музейлерде иштегендердики 6 миӊ сомду түзөрү белгилүү болду. Ошону менен бирге, өлкө аймагында музей адистерин даярдай турган бир дагы жогорку окуу жайы жок.

«Азыр биз Улуттук университеттин базасында музей иштери, тарыхый-маданий мурастарды мурастарды коргоо багытындагы адистерди даярдоо кафедрасын ачуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — дейт Султанбек Жумагулов.

Эң көп окулган жаңылыктар