20:51
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

3 млн 797 миӊ долларга медициналык жабдуулар сатылып алынат

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы «Медициналык борборлор үчүн жабдыктарды берүү жана карантиндик аймакты куруу жана жабдуу» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору жактырылды. Мындай чечим бүгүн, Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда кабыл алынды.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, эки тараптуу келишим алкагында эт экспорттоо үчүн курула турган карантиндик жайга медициналык жабдууларды сатып алууга 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүгө даяр. Анын ичинде, 1 млн 300 миӊ доллар Улуттук фтизиатрия борборуна атайын жабууларды сатып алууга, 1 млн 500 миӊ доллар Жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий изилдөө институтуна, ал эми 1 млн доллар карантиндик жайды курууга жумшалмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума