07:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусияда мамлекет аралык издөөдө жүргөн Кыргызстан жараны кармалды

Жасаган кылмыш иши үчүн укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн Кыргызстан жараны Орусияда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн Кыргызстандын жараны Ленинград облусунун Санкт-Петербург шаарында жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн жарандын өздүгү такталган. Ал Жалал-Абад облусунун 1969-жылы туулган Д.Ш. аттуу тургуну экени аныкталган. Тартип сакчылары жаранды текшерүү учурунда ал КРнын кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) ылайык мамлекет аралык издөөдө жүргөндүгү аныкталган. салынганы аныкталган.

Эскерте кетсек, кылмыш иши 2008-жылы Базар-Коргон райондук соту тарабынан козголгон. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ИИБ тарабынан издөөгө алынган.

21-март күнү мамлекет аралык издөөдө жүргөн Д.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Азыркы учурда кармалган жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси Минск конвенциясына ылайык чечилип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар