22:00
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Орусияда издөөдө жүргөн 137 адам Кыргызстандан кармалды

Кыргыз жана орус милициясы Кыргызстандын аймагында «Эл аралык издөө» операциясын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оор кылмыш жасап, адам өлтүрүп, каракчалык кылып, зордуктады деп издөөдө жүргөн 137 шектүү адам кармалды.

«Орусияда кылмыш жасап, Кыргызстанга качып же Кыргызстанда кылмыш жасап Орусияда жүргөндөрдү кармап, аларга мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүздүк. Орусиядан келген топ экиге бөлүнүп, бири Кыргызстандын түштүк аймактарында, экинчиси түндүк аймактарда биздин кызматкерлер менен чогуу кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн, жашаган жерин тактап, кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү», — деп жазылт маалыматта.

Операцияга жалпысынан 3400 милиция кызматкери катышты. Кармалган 137 адамдын 64ү эл аралык издөөдө жүргөндөр экени аныкталды.

Биргелешкен операция 14-15-мартта өттү. Анын алкагында изделип жаткан 61 адамдын дайыны табылып, каза болгон 19 адамдын сөөгү боюнча маалымат такталды.

Эң көп окулган жаңылыктар