19:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев УКМКда сурак берди

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев УКМКда сурак берди. Бул тууралуу ал журналисттерге маалымдады.

Маалыматка ылайык, аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы суракка алган.

Белгилей кетсек, 2014-жылы УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда абитуриенттер ошол кездеги Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалымдалган. Жабылган кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу быйыл 23-январда кайра ачылды.

Каныбек Осмоналиев ага тагылган айыптоону четке кагууда. Экс-депутат окуу жайга 27 студенттин маселесине көңүл буруп коюу өтүнүчү менен гана кат жолдогонун айтат.

«Кат расмий түрдө ЖКда катталып, окуу жайдын же билим берүү мекемелеринин бир дагы өкүлү менен сүйлөшүүгө барган эмесмин», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар