Ош мэриясынын «3 айлык ишембилик» жарыясынын алкагында Ош шаардык казыяты бир катар мечитерде ишембилик өткөрүшүп, көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембилик иш чарасында мечиттин айланасын тазалоо жана көчөт отургузуу иштери уюштурулуп, ошондой эле мечит имамдарына тазалыкты сактоо милдеттендирилди.
"Ишембилик саамалыгы алкагында шаар казысы мечитте кызмат өтөп жаткан дин кызматкерлерине, жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштешип, ар кандай бузуку иштерден, чагымчылыктан алыс болууга чакырды. Бул кызмат абдан жоопкерчиликтүү экенин имамдарга баса белгиледи",-деди Ош казыятынын маалымат кызматы.
Ушундай мечиттерди тазалоо жана көрктөндүрүү иштери шаардык казыяттын башка аймактарындагы мечиттерде да улантылууда.