01:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Муфтият диний окуу жайларга лизенция ыйгарууну суранат

Муфтият диний окуу жайларга лизенция ыйгарууну суранат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Мусулман дин башкармалыгынын өкүлү Акимжан Эргешов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө ислам динин окуткан 92 медресе, бир университет жана жети институт бар. Алардын ичинен Ислам институту гана 2017-жылы теолог адистиги боюнча окутууга лизенция алды.

«Ал дагы жылына 30 теологду окутуп чыгууга гана лизенция алган. Биз бир канча балдарды төрт жыл окутабыз дагы аягында алардын билимин тактыстаган документ бере албайбыз» — дейт ал.

Акимжан Эргешовдун айтымында, медреселер диний билим берүү боюнча мыйзамга ылайык орто толук, же толук эмес билими бар кыз-уландарды гана окута алат.

«Медреселерде баардык сабактар окутулат. Ал жакта 9-классты бүткөн балдар гана билим ала алышат» — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар