14:15
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Гүлнур Сатылганова анын сүрөтүн уруктсатсыз колдонгондорго ачууланды

Гүлнур Сатылганованын сүрөтүн арыктоо ыкмалары тууралуу жарнамага уруксатсыз колдонушкан. Бул тууралуу ырчы Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыккан.

Аккаунт ээлери ырчынын сүрөтүн колдонуу менен бир нече күн ичинде тез арыктоонун ыкмаларын сунушташкан. Ал эми ырчы эч кандай жарнамалык роликке катышпагандыгын жазып чыкты.

«Мен көрсөтүлгөн жарнамалык роликке эч качан катышкан эмесмин. Сүрөтүмдү дагы уруксатсыз колдонушкан. Бул калп. Мындай аракеттер адеп-ахлаксыз деп ойлой. Бардыгыңыздарды буларга азгырылбоого чакырам», — деген Сатылганова.

Эң көп окулган жаңылыктар