14:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

9 миңден ашык чиновник кирешеси тууралуу айкындама тапшырды

Бирдиктүү салык декларациясын 166 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды, алардын 9 миң 185и аткаминерлер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 39 миң 368 уюм, 82 миң 834 жеке ишкерлер, 29 миң 258 физикалык жак, 5 миң 633 салык салынчу кирешеси жок, бирок үйү жана унаасы бар жактар, ошондой эле 9 миң 185 мамлекеттик кызматкер бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбагандарга 2 миң сом айып салынат.

Физикалык жактар 1-апрелге чейин экономикалык ишкердиги, мүлкү жана жер тилкелери тууралуу отчёт бериши керек.

Мамлекеттик салык кызматы марттын соңуна чейин кирешелер тууралуу отчётторду түн жарымына чейин жана дем алыш, майрам күндөрү дагы кабыл алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби