16:24
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Эл өкүлү Бишкекти таштандыдан атайын полицияга гана сактай алат дейт

«Өкмөт тазалыкты көзөмөлдөй турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен муниципалдык полиция түзүүсү керек». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, аткаминерлер тазалыкка байланыштуу ишембиликтерди, акцияларды өткөрүлүп жатса дагы Кыргызстан таштандыга батып бара жатат.

«Акция — өткөнү жакшы. Бирок барып-барып ишембиликтер өткөрүлбөй калууда. Формалдуу түрдө гана отчёттуулук үчүн уюштурулат. Тазалыкты сактоо үчүн таасирдүү механизмди сунуштайм. Таштанды полициясын түзүү, маселени чечүүнү бирден-бир жолу», — деди Дастан Бекешев.

Депутат аталган кызматты каржылоонун жолдорун дагы айтты. Эл өкүл таштанды полициясы чогулган айып пулдун эсебинен каржылана турганын билдирди.

«Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын 80 пайызы өзүн-өзү каржылай албайт. Андыктан өкмөт аларга айыптын көлөмүн аныктап, айып салып жана чогулган каражатты өздөрүнүн атайын эсебинде калтыруу укугун берүү керек. Чогулган каражат таштанды полициясына берилет», — деди Дастан Бекешев.

Анын айтымында, муниципалдык полиция жанына курал алып жүрбөйт жана анда өз ыктыяры менен жергиликтүү тургундар иштей алат.

Эң көп окулган жаңылыктар