18:35
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Көчкү түшкөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолу жабылды

Кечээ, 13- мартта, болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек — Ош жолуна 2,5 миллион кубометр кар көчкү төштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Сосновка», «Өтмөк» жана «Арал» өткөрүү бекеттери жабык.

"Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Адам өлүмү жана жабыркагандар катталган жок", - дейт ӨКМ.

Кыргызгидромет тараткан маалыматка караганда, учурда тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өтүп кеткен жекшемби күчүн Чычкан капчыгайында төрт жолу кар көчкү түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума