03:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ооруканага түшкөн 8 жашар кызды өгөй энеси сабаган

Катуу сабалып, ооруканага жаткан 8 жашар кыз аны өгөй энеси ургандыгын айтты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы «24.kg» агенттигине билдирди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгында алган жаратынын даражасы аныкталат.

«Кыз атасы жана өгөй энеси менен жашачу экен. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Атайылап ден соолукка зыян келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө аныктаган соң кылмыш иши башка берененин негизинде козголушу мүмкүн», — дейт ИИБ.



Эң көп окулган жаңылыктар