23:37
USD 69.33
EUR 79.37
RUB 1.05

Курулуш компаниясы Манас көчөсүндөгү жерди мыйзам чегинде алгандыгын билдирет

«Ихлас» компаниясы Манас көчөсүндөгү жер тилкесин мыйзам чегинде сатып алганын билдирет. Бул боюнча компаниянынын негиздөөчүсү Нурбек Осмоновдун атынан таркатылган билдирүүдө айтылат.

Эскерте кетсек, парламенттин депутаты Таабылды Тиллаев Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула башталганын айткан. Ал өкмөттөн жердин бөлүнүшүнүн мыйзамдуулугун иликтөөнү суранган.

«Жер 5 гектар эмес, 2, 868 гектар. Аны биз мыйзам чегинде алганбыз» — дейт ишкана кожоюуну.

Эң көп окулган жаңылыктар