Апрель айынана баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык 1-марттан тарта мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилинен билими текшерилүүгө алынып баштайт.
«Ал үчүн атайын тапшырмалар түзүлдү. «Кыргызтест» аркылуу сынак тапшырышат. Аймактагы кызматкерлер дагы он-лайн тестти тапшыруудан өтөт» -деди ал.
Мамлекеттик кадр кызматынын билдирүүсүндө, бул сынактын жыйынтыгы боюнча эч бир кызматкерге чара көрүлбөйт. Анткени, мыйзам боюнча 2019-жылдын 1-январынан тарта гана мамлекеттик тилден аттестация жүрөт. Ага чейин кадр кызматы аткаминерлерге тилди үйрөтөт.
«Бул алдын-ала сыноо болуп саналат. Андыктан биз тесттен аз балл алгандарды кайра окутабыз. Кадр кызматы үч жылдан бери 900 аткаминерди окутуп чыкты. Негизи мамлекеттик кызматкер ээлеген кызмаытна жараша тилди билүүсү абзел» — дейт мамлекеттик кадр кызматынын орун басары Калыбек Алышпаев.
Тил сынагынан саясый кызматтагы аткаминерлер гана бошотулган.
«Бул премьер-министр, министрлер, комиссия жана комитет башчылары, мэрлер жана облус жетекчилери. Алар мыйзам боюнча ансыз деле мамлекеттик тилди билиши керек» — дейт Калыбек Алышпаев.