02:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Суроо-жооп. Диний фанатизм кыска убакыттан кийин исламдан четтөөгө алып келет

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Биз жаңы жерге көчүп келип, жолдошум жакынкы мечитке бара баштады. Ал жердин жамааты өтө чоң экен. Баары эле жолдошума ар кандай насаат айтат. Алардын сөзү менен биздин жашоо дагы түп-тамырынан бери өзгөрүүгө дуушар болду. Кантип жашообуздун тынчтыгын сактап кала алам?

Жооп: Сиздин жолдошуңуз диндин фанаттарына, же кайсы бир туура эмес агымдын өкүлдөрүнө жолукса керек. Айрым мусулмандар диндин жол-жобосун сактоодо чектен чыгып, анысын такыбалык менен түшүндүрөт. Алардын кээ бирөөлөрү динди чеги менен аткаргандарга сын да айта калышат.

Динди карманууда мусулман адам ички жан дүйнөсүн байытып, дилин тазалап, айлана чөйрөсү менен ынтымак ырашкерликте жашоого жетишиши керек. Фанаттык менен берилүүнүн адатта мөөнөтү кыска болот. Анткени, чектөөлөр анын ишенимине гана эмес, ден соолугуна дагы зыян тийгизиши мүмкүн. Ал өз кезинде диндин башкы максаттарынан четтеп, ызаакорлукка жана зомбулукка чейин алып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар