22:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргыз-өзбек чек ара бекетинде соодаргерлер узун кезек жаратууда

Мамлекеттик чек ара кызматы Ош облусундагы «Достук» өткөрүү пунктунда элдин кезекке туруусунун узакка созулуусу тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, чек ара өткөрүү пунктунда элдин агымынын көбөйүүсү соода-сатыктын өсүүсү менен байланыштуу. Кезекке туруу Кыргызстан эле эмес, Өзбекстан тарабынан дагы байкалууда.

«Элдин жана транспорт каражаттарынын кезекке туруусу эртең менен жана түштөн кийин байкалууда. Мындай көрүнүштөрдү базар күндөрү дагы байкоого болот. «Достук» өткөрүү пунктунда кошумча көзөмөл кабиналары уюштурулган. Учурда бир күндө 7 миңден ашык адам чек араны кесип өтүүдө. Жакын арада кошумча дагы 4 кабина орнотулат», — деп маалымдайт чек ара кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин «24.kg» агенттиги кыргыз-өзбек чек арасында бир топ чакырымга созулган кезекке туруу жаралгандыгын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар