03:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Достук» бекетинде чек арачылар жарандардан акча алып жаткандыгы айтылууда

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинде чек арачылар жарандардан акча алып жаткандыгы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чек арачылар кезексиз өткөрүү үчүн жарандардан 300-500 сомго чейин алып жатат.

«Кечээ маалымдоо каражаттары «Достук» өткөрүү пунктунда маселе жаралып жаткандыгын жазып чыгышты. Өзбекстан тараптан 8 терезе иштеп жатса, Кыргызстан тараптан 4 гана терезе иш алып барып жатыптыр. Бул маселени бир беткей кароого болбойт. Чечим кабыл алып, тиешелүү органдарда кат жолдоону сунуштайм»- деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар