22:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ноокенде бир апта ичинде бир нече үйдү тоногон киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бир апта ичинде бир нече үйдү тоногон киши кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Алардын маалыматында, 2-февраль күнү 13:00дөн 16:00 гө чейинки убакта Масы айылындагы Кочкоров көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине ууру үйдүн пластик айнеги аркылуу ичине кирип, жатак бөлмөдөгү темир сейфтин эшигин бузуп ачышып, сейфтин ичинде сакталып турган 10 000 рубль, 100 АКШ доллар, 250 000 сомун жана кызынын 3 даана алтын шакектерин уурдап кетишкен.Үй ээсине жалпы эсеп менен 295 300 сом олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Андан 3 күн өткөндөн кийин 5-февраль күнү түштөн кийин саат 13:00 чамасында Ноокен районунун Көк-Таш айылындагы жаңы салынган үйгө ууру кирип, (5000 сомдук) үй буюмдарын уурдап кеткен.

Ошол эле күнү болжол менен саат 7:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Ноокен районунун Сакалды айыл аймагына караштуу Чоң-Багыш айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер айнегин сындырып кирип,үйүнүн ичиндеги буюмдарды тытып карап, (9200 сомдук) баалуу кийимдерин уурдап кетишкен.

Райондук милиция кылмышка шектүү катары мурда уурулук менен бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Масы айылынын тургуну 1985-жылы туулган М.М кармалып, камакка алынды.

Маалыматта шектүү кылмышын мойнуна алганы айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар