22:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуштарга каршы иш башталды

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иретсиз жайгашып, шаар көркүн бузуп турган, ошондой эле уруксатсыз, туура эмес орнотулган күркөлөрдү алдыруу, шаарды иретке келтирүү үчүн 9 кишиден турган атайын комиссия түзүлдү.

«Айрым ишкерлердин өзүм билемдик аракеттери башкалардын да терс аракеттерине шылтоо болуп, шаар аймагында, айрыкча борбордук бөлүгүндө иретсиздикти пайда кылууда. Эми мындай көрүнүштөргө мыйзамдуу чаралар көрүлөт» — дейт вице-мэри Турдалы Темирбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума