02:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Генерал Талант Исаевди тыңшоо боюнча ишти УКМК тергейт

Ички иштер министринин мурдакы орун басары, генерал Талант Исаевди кафеде тыңшоо боюнча иш УКМКга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, 7-февраль күнү генерал Талант Исаев кафеде парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев менен тамактанып жатып, үстөлдүн астынан тыңшоочу жабдууну таап алган. Кафенин видеобайкоосун кароодон саясатчылардын алдың кафеге белгисиз жаран кирип, тейлөөчү жигитке бир нерсе бергени аныкталды. Генералды тейлеген кафе кызматкери тыңшоону ал жабыштырганын мойнуна алды.

Талант Исаев азыр абакта олтурган парламенттин депутаты Канат Исаевдин агасы. Канат Исаев мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен 2017-жылдын октябрь айында кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар