21:18
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Жалал-Абадда биринчилерден болуп 14 үй-бүлө сүйүнчү пул алды

Жалал-Абад шаарында сүйүнчү пулду биринчилерден болуп 14 үй-бүлө алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айында төрөлгөн балдар үчүн бир жолку берилчү сүйүнчү пул 14 балага чегерилген. Аларга 4000 сомдон, жалпы 56 миң сом которулган.

«Январь айында документ тапшырган 14 үй-бүлөнүн эсебине акча которулду. Сүйүнчү пул документтерди тапшыргандан кийин бир ай аралыгында келет. Бирок, сөзсүз түрдө баланын ата-энеси кайрылышы керек. Буга чейин ата-энелер бизге кайрылышкан болчу. Мындан ары жарандар балага сүйүнчү пулду алууда, Жарандык актыларды каттоо кызматынын жана Калкты тейлөө борборунун маалыматтык күркөсүнө арыз жазышы зарыл болот», — дейт шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Гүльмира Раимкулова.

Эске сала кетсек, бала туулганда бир жолу төлөнүүчү «сүйүнчү пул» тууралуу мыйзам үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар