04:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев журналисттен батирин сатып, акчаны төлөөнү талап кылууда

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналичт Нарын Айыптын батир сатыкка коюу сунушу менен сотко кайрылды. Бул тууралуу соттук жыйын бүгүн Октябрь райондук сотунда өттү.

Нурбек Сыдыковдун айтымында, Нарын Айып соттун чечимин аткарууга ниетин билдирген жок жана бир да тыйын да төлөй элек.

«Андыктан бир ал жашаган батирди сатуу менен акчаны төлөтүп алмакчыбыз» — дейт ал.

Нарын Айыптын айтымында, Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан батир ага гана эмес, анын апасына жана карындашына дагы тиешелүү. Андыктан батирди толугу менен сатыкка коюу мүмкүн эмес.

«Биз акчаны кайсы жакка төгүштү билген жокпуз. Алмазбек Атамбаевдин өкүлү бизге эч кандай банктын эсепти айткан жок. Болбосо биз бар акчабызды төлөмөкпүз. Бизди колдоп айрым ЖМКлардын кызматкерлери бир күндүк айлыгын которушкан. Андан тышкары, редакцияга дагы накта акчаны көтөрүп келгендер болгон» — деди ал.

Нарын Айып президент талап кылган акча өтө чоң болгондуктан, батирдеги үлүшү дагы жетпей калышы мүмкүн экендигин белгиледи.

«Биз акчаны төлөө үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жатабыз. Ага да макул эмессиздер» — деди ал.

Эскерте кетсек, мурдакы «Заноза» сайтынын негиздөөчү Нарын Айып, Дина Маслова жана «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мурдакы президент Алмазбек Атамбаевге 12 миллион сом утулган. Атамбаев Нарын Айыптын батири менен Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттежин сатыкка коюну талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар