21:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Атактуулардын даңкына тең махабаты

Сүйүү эрдикке, ийгиликке түртүп, чоң чыгармалардын, дастандардын жаралышына түрткү болот. Атүгүл тарыхый окуяларга бир элдин тагдырына так ушул баатырлардын махабаты себеп болгону белгилүү.

Бей-бачалар гана эмес, кээде кадыр-барктуу, белгилүү инсандар дагы сүйүүнө жете албай армандай калышат. Көбүнчө аларга коомдук пикир тоскоол болот. Айрыкча совет мезгилинде белгилүү кишилердин эл алдындагы жоопкерчилиги катуу көзөмөлдөнгөн.

Бүбүсара менен Чыңгыз

Бул сүйүүнү советтик доордун курмандыгы деп да айтышат. Анткени, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эл алдында үй-бүлөлүү инсандын үлгүсү болчу. Ал эми Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз маданиятынын «ак куусу» эле. Экөөнүн жолугушуулары Фрунзе-Москва поезддеринде өткөндүгү айтылып жүрөт. Бүбүсара Бейшаналиеванын жаназасында Чыңгыз Айтматов сүйүүсүн жашырбай өкүрүп ыйлаган. Залкарлардын махабаты тууралуу атайын тасма дагы тартылган.

«Кыргыз кереметин» жаратуучулардын керемет сүйүүсү

Кыргыз киномотографиясынын тарыхында орчундуу орунга ээ болгон көркөм тасмалардын режиссеру Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын сүйүүсүн кесиптештери айтып бүтө алышпайт. Айтурган Темированын экөөнүн мамилеси актрисанын мамилеси алгачкы тасмасы «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» киносунан башталат. Андан кийин Айтурган Темирова өмүрлүк жарынын «Ак кеме», «Бөрү зындан» жана башка тасмаларына тартылат. Бирок, атактуу үй-бүлө кийинчерек ажырашып кетет.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Айтурган Темирова жана Болот Шамшиев

Роза Аманованын «дастаны»

Белгилүү дастанчы Роза Аманованын жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр 2000-жылдары бир топ убакытка чейин гезит бетинен, эл оозунан түшпөй жүрдү. Ырчы айым менен ал кездеги премьер-министр Кубанычбек Жумалиев үй-бүлөлөрүн таштап, чогуу жашап башташты. Азыр бекем үй-бүлөлүк очоктун кожоюндары.

Балерина менен баритондун түбөлүктүү «операсы»

Кыргыздын белгилүү баритону Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева эрте үйлөнүп, турмуштун олку-солкусун чогуу баштан өткөрүшкөн. Рейна Чокоеванын айтымында, Болот Миңжылкыев аны менен бирге болуу үчүн нечен аракеттерди жасап, жашоосун өзгөртүп, өжөрлүк менен Ташкентке консерваторияга дагы өткөн.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Рейна Чокоева жана Болот Миңжылкыев

Эң көп окулган жаңылыктар