04:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нидерланды ТИМ башчысы Путин тууралуу калп айтканы үчүн отставкага кетти

Нидерландынын тышкы иштер министри Халбе Зейлстра отставкага кетти. Күн мурун ал 2006-жылы Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушканы тууралуу калп айтып келгенин билдирген. Ал аброюна доо кеткенин, мындан ары жогорку кызматта иштей албай турганын айткан.

Нидерланды ТИМ башчысы De Volkskrant гезитине маек берип, 2006-жылы Путин менен жолугушуу болбогонун мойнуна алган. Ошондой эле ал орус президентинин «Улуу Орусиянын» курамына Украина, Беларус, Казакстан жана Прибалтика кириши керек деген сөзүн да өз кулагы менен укпаганын кошумчалаган.

13-февралда ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-февралда Нидерланды ТИМ башчысы менен жолугушууну пландап жатканын жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар