18:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Президент күч органдарынын жетекчилеринин ишин талдап чыгууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында 2018-жылы 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен анын чечими талкууланды. Өлкө башчысы укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумушту баштоону, коррупция менен күрөшүүчү органдардын бардык жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына буга чейин негизсиз токтотулуп турган жана жабылган кылмыш иштерин иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу милдетин тапшырды.

«Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары дыкат текшерилет. Кыргызстандыктар мамлекеттин бардык тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жумушчу жыйында ошондой эле Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйындарынын планы талкууланды. Кийинки жыйындарда энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, тоо-кен тармагында, фискалдык органдарда, каттоо жана архитектура кызматтарындагы коррупция менен күрөшүү маселелери каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар