09:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бириккен Араб Эмирлиги Казакстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизди

10-марттан тарта Казакстандын жарандары Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу БАЭнин Казакстандагы элчилиги Твиттер баракчасы аркылуу билдирди.

«10-марттан тарта Казакстандын жарандарынын Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүсүнө мүмкүндүк берген визасыз режим күчүнө кирет. БАЭге кош келиңиздер», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кайрат Абдрахманов 2017-жылы Бириккен Араб Эмирлиги менен паспорттордун бардык түрлөрү боюнча визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюлганын билдирген. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн БАЭнин бардык эмираттарынын жактыруусу керек болчу.

Казак өкмөтүнүн 2012-жылдагы токтому менен Бириккен Араб эмирлигинин жарандары Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүү укугуна ээ болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар