12:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Суроо-жооп. Жолдошум ортодо топтолгон акчаны Меккеге зыяратка коротмокчу

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Биз жолдошум экөөбүз бир аз акча топтогонбуз. Эми жолдошум Меккеге зыяратка жөнөп, топтолгон акчаны коротмокчу. Биз ал акчага үйдү кеңейтели деп чечкенбиз. Ал абдан динчил болуп кетти. Кантип кайра өзүнө келтирсем болот ? Деги ажыга ушунтип барган турабы?

Жооп: Бул жерде экөөңүздөрдүн кызыкчылыгыңыздар ар башка болуп жатат. Эгер жолдошуңуз динге ишенген киши болсо, ал ажылыкка баруу шарттары жана башка кадамдардын туура жолун билет. Дин үй-бүлөгө, анын материалдык жетишүүсүнө жана анын биримдигине каршы үндөбөйт. 

Үй-бүлө баардык маселени сүйлөшүп гана чече алат. Жолдошуңуздун динчил болуп кеткени — бул анын жаш курагына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан туура жыйынтык чыгарсаңыз да болот. Адамдардын кайсы бир куракта, айрыкча орто жашында кызыкчылыктары алмашат. Эгер ал туура диний жолго түшүп, ишеними түз болсо андан эч бир өөн көрүнүш издебей эле койсоңуз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар